Текебаев, Өмүрбек Чиркешович

2006-жылдын 17-сентябрындагы VII — элдик курултайда суйлогон созунон түзөтүү

  • Биз алдыбызга койгон максатыбызга жетишибиз керек. Бизди олтурсо дагы, мына (жанындагы адамдарды корсотуп) олумго башты байлап койгон адамдар турат, олтурсо дагын аягына чыгабыз. Анткени кийин балдарыбыз, неберелерибиз бизден улгу алгандай болуш керек. Анткени адилеттуулук учун курош — туболук.
  • Эртен Бакиевди кетирип башканы коюп койсонор эле "май кол, сут кол" болуп калат дегендикке жатпайт. Анткени алардын да туугандары бар, алардын да жанылыштыктары болот. Ошондуктан биз тынымсыз курошушубуз керек, асылзат балдарыбызды тынымсыз тандап турушубуз керек.
  • Мен силерге бакыттын сырын ачтым. Ал жонокой болот: баарыбыз аман болсок, туугандарыбыз оорубаса, чогуу болсок мына ошол бакыт.
  • Биз биримдуу болсок, ошол эле кезде бири-бирибизге сын-пикир айтып, жанылыштыгыбызды ондоп турсак Кыргызстан онолот.
  • Орусиядан кунуно бир Кыргызстандык олуп келип жатат, кунуно бироо олот. Ооганстанда да мындай олгон эмес.
  • (Чогулган элди корсотуп) Жуздогон чакырым басып, Меккеге баргандай болуп келишти. Жонокой адамдар келген жок. Жуз миндеген адамдар силердин позициянарды колдойт, жуз миндеген адамдарга силердин таасиринер бар.
  • Революция деп силер которулгон идеяларды, баалулуктарды унутуп, тебеледи, тепседи (Бакиевди айтып жатат).
  • Эгер мага бийлик керек болсо ака-ука болуп болушуп, силердин торунорго отуп журо бермекмин.
  • Эртеси айттым "Бакиев созундо турбайт, ал жигит эмес" дедим. Созундо турбаган адам мамлекет башкаралбайт.

2010-жылдын 17-мартындагы XI — элдик курултайда суйлогон созунон түзөтүү

  • Президент Бакиев жакшы менен жамандын, арам менен адалдын айырмасын билбейт. Мындай кылмыштуулукту ууру кылмыштуулук дейт, мындай президентти ууру президент дейт.
  • Бакиев "Менин туугандарымдын да балдары бар, алар да нан жеш керек. Буларды эмне мен багышым керекпи?" дейт. А эмне учун аларды эл багыш керек?! Эмне учун аны эл багыш керек?! Алардын буту колу жокпу?! Миллиондогон адамдар оздорун, мамлекеттик чиновниктерди багып отурат. А биз булардын уй-булосун багышыбыз керекпи? Мынаке анын баалуулугу, мынаке анын идеологиясы. Мына ушул идеологиянын кесепетинен уй-булолук башкаруу орноду. Бут баары, Кыргыз экономикасы, буткул Кыргызстандыктар бир уй-булонун кызыкчылыгы учун иштеп жатат.
  • Гуревичке пенсионерлердин пенсиясын берди. "Ошонун чонтогундо турсун" деп Кыргызалтынды, электр тармагын, аэропортту, бутундой Кыргызстандын майлуу, стратегиялык тармактарын мына ушуларга(Гуревичтерге)берди, ушулар башкарат деди. Буларды менин мурунку досум Эшимканов (Мелис) мактады. "Силерге окшобойт карапайым кыргыздар, булар ак соок, силерден жогору турат, мына ушулар башкарат, силерди жакшы турмушка алып барат" деди. Мына "мактаган кыз тойдо осурат" дегендей эгерде биздин сотубуз иштебесе, биздин законубуз иштебесе булардын куйругу Италиядан чыкты. Гуревич Италияда мафиянын бухгалтери болуп чыкты.
  • Кечээ Данияр (Усонов): "Гуревич? Мунунар ким? Мен аны билбейм" дейт.