Кыргыздардын макалдары
Б
түзөтүү- Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жоолугат.
- Абийирди жашыңдан сакта.
- Абысының болсо, күнүм жок дебе.
- Агайыңдын кадырын жалаалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң.
- Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса, жатча жок.
- Агам кимди алса, жеңем ошол.
- Агасын көрүп, ини өсөт, эжесин көрүп, сиңди осот.
- Агын сууда арам жок.
- Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
- Адам болмок — аста-аста, айбан болмок — бир паста.