Башбаракты ачуу

Wikiquote β

Касымалы Жантөшев "Каныбек"

Касымалы Жантөшев. Тандалган чыгармалар. 1 том. Каныбек (роман). "Кыргызстан" басмасы. Фрунзе - 1972. - китеби боюнча.


... Доско күлкү, душманга таба болбос үчүн, колдон келгенди аябай, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгаруубуз зарыл! (18-б.)


Моңолдорду кыйнаса коломтодон кукүрт казып чыгарат. (19-б.)


Айбанга келтек, адамга ишарат. (32-б.)


Бийиктиги аскалуу мөңгүдөй, тереңдиги деңиздей эрксиз, чексиз армандын кайсы бирин, ким кантип айтып түготөт эле? (62-б.)


Корккондон жүрөк жарылбайт, сүйүнгөндөн маңдай айрылбайт. (73-б.)


Айбан эңкейсе жер үрпөйөт. (82-б.)


Эңкейгенге эңкейгин, башың жерге тийгенче; чалкайганга чалкайгын, төбөң көккө тийгенче. (88-б.)


Жокту жок издеген табат, жолдошу шайыр болсо, жолоочунун кумары канат. Сөз жакшысын кулак билет, кыз жакшысын ынак билет. Кыздын кыя тартып басканы - кыйабасына сөз айтканы. Бозойдун мыйыгынан кулгөнү - селкисинин оюн билгени. (107-б.)


Жалдуу болсо ат, жакалуу болсо тон дейбиз. Башы кара, буту айры болсо киши дейбиз. Бирок тондун тонун, аттын атын, кишинин кишисин эл билет. Эл ичиндеги көптү көргөн кыраакы сынчылар билет, балам! (108-б.)


... Бул сырымды силерге мактанып айтып отурганым жок, өткөндөгү кордуктун бир элесин эсиңерге салып ыйлатайын деп отурам. Ыйлатайын деп отурганым жок, силерди чыйралтайын деп отурам!.. (120-б.)


Бирок сөзүм бар деп көрүнгөнгө сырыңды айтпа. Мен сыяктуу аңгаал болбо, ар иштин келечегин ойло. Мен сыяктуу өз башыңдын камын ойлобо, жалгыз башты жансактатуу оңой, балам! Көнүлүмө жагат деп көрүнгөнгө дос болбо. Достун түбү маймак, уурунун түбү айгак... Жүздөн бирди, миңден онду танда.

"Укпайт деп ушак айтпа, билбейт деп ууру кылба", бул эки иш эр жигиттин багына каршы иш. Эр жигиттин башына эмне келип, эмне кетпейт... Далай иш келип, далай иш кетет! "Көптү көргөндөн соз оку, көөнөрбөс кылып бөз току" - деген. Бирөө айткан сөздү көп ук, бирок олутсуз укпай, ойлонуп ук. Кылар ишиңди көп ойлоп, көп байка; келечегиңди терең ойлоп, төп байка. Отуз өлчөп, бир кес. Башыңа тоо түшсө чымындай көр, чымын консо тоодой көр. Ар ишке сабырдуу бол. Сабырдуу болсоң сабырсыздын миңине татыйсың. Кекти көкүрөгүңө түйө да бил, ыгы келсе түйгөн кегиңди унута да бил, балам! (123-б.)


Эр айласы бир, аял айласы миң. (129-б.)


Эшек сайда заңкылдаса, баткак берер жазаңды. (168-б.)

Кайнатып жаткан тузду көрүү,бойго жеткен кара далы кызды көрүү деген чоң иш. (210-б.)

Бордуда арча турсун терек жок, терек турсун терип жагаар тезек жок. Отундууң отун арт, отуну жогуң катын арт. (218-б.)

Мына, окубаган кишинин сокурлугунан өнөрдүн алды окуу экен го деп ойлоп койдум, балам! Жалгыз окуу гана эмес, эр жигитке өнөрдүн бардыгы керек экен. Жаш чагыңда өнөрдү үйрөнүп алсаң, карыганда кор болбойт экенсиң. Сен азыр жашсың, бардык өнөрдү үйрөнүүгө тырыш, балам! Ушак айтып, ууру кылуудан, акты кара деп, караны ак деп жала жабуудан, бирөөгө жамандык кылуудан, адамдын акысын жештен намыс кыл, асты өнөр үйрөнүүдөн намыс кылба, балам. Менин өнөрүм Жумадан үйрөнгөн комуз. Кой кайтарып журүп черткенимде, миң-сан элге арыз-арманымды, акыл-насаат сөзүмдү айтып жаткандай болом! (220-б.)

Чиркин өнөр кандай сонун!.. Бирок өнөрүм бар деп жубанбагыла, ошол өнөрүңөрдү бирөөгө түшүндүрө билгиле. Баланчанын өнөрү бар экен деп кубанбагыла, ошол өнөрдү түшүнө билгиле, сырдуу түйүнүн чече билгиле. Бардык касиет ушунда, балдар!..

Өнөрдүн дагы эчен түрү бар, түрүнө жараша сүрү бар, сүрүнө жараша мааниси бар. Кеп ошол маанисин билүүдө.

Өзүм жакшы көргөн өнөр, комуз, кыяк, чоор, сурнай. Отурган-турганы билинбеген, басса аягы жерге илинбеген, акылы терең, айтууга сөзү белен; көзүн кысып күйгузгөн, көз карашы менен оюн билгизген, атагы айылды баскан, адамгерчилиги элден ашкан; туйгундай тунжураган, үкүнүн саңоорундай үлбүрөгөн, кулун сындуу кумар көздү, силер кандай жакшы көрсөңөр, мен дагы бул өнөрүмдү ошондой жакшы көрөм, балдар!..

Бирок бул өнөрлөргө элдин бардыгы бирдей түшүнбөйт. Кээ бир адамга сурнай тартып берсең, балдар камыштан чыйылдак жасап ойногондой көрөт. Чоор тартып берсең, өпкөң менен ышкыргандай көрөт. Чоор тартып берсең, сары атан коңузу ыңылдап учкандай угат. Комуз чертип берсең, жараңка жарып чылапчын калдыраткандай сезет. Бирок мен силерди андай адамга теңебеймин. Комуз үнү чыкканда, төшөгүнөн туруп келген адамдар бирдемени билет. Ошондуктан силерге "Көкөй кести" деген күүнү чертип берейин... (240-б.)

"Көкөй кести" деген сөз көбүңө түшүнүксүз чыгар, балдар!.. Кылымдар кыйырчактын кызыл түлкүсүндөй жойлоп өтүп, ар бир кылымдын асыл уулу, алтындай кыз, келиндери көздөгөнүнө жете албай зарлап өттү жана зарлап өтүп дагы жатат. Кара мүртөз зор болду, зор эместин көзүнөн кандуу жашы сел болду; андай- андай муңдуулар миңден-миңден миң жерде болду.

Мына ошол зарга чыдабаган, ошол зар көкөйүн кескен, мага окшогон бирөө арман кылып "Көкөй кести" деп, комузга салып черткен имиш,- деп, наспайдан ээрдине салып, комуздун солкулдаган муңдуу үнүн чыгара баштады... (241-б.)

Бирөөнүн өрдөгүн жесең каз байла, малың жесең бере турган кыз шайла. (244-б.)

Кеп кыйышынын жүйөчү билет, ичер ашты ээси билет. (257-258-бб.)

Мындан ары ээриндин кашын таанып, мурдуңа ченеп бышкырып, жылкыңа ченеп ышкырып жүргүн! (264-б.)

Там-туң баскан баладай сүйлөгөн тилиңен айланайын; жөө туман баскандай болгон көзүңдөн айланайын; тузу жок аталадай болгон сөзүңөн айланайын; ак куурайдай кубаты жок өзүңдөн айланайын... (271-б.)

Жамандан жакшы туулат, адам айтса ынангысыз, жакшыдан жаман туулат, бир аяк ашка алгысыз. (283-б.)

Ар бир иштин өз ыгы бар. (294-б.)

Эбепке себеп, эгиз улакка айры шыбак. (301-б.)

Асыл таштан чыгат, акыл жаштан чыгат. (310-б.)

Жер ээн болсо, доңуз дөбөгө чыгат. (319-б.)

“Көк ирим көлөй” деген жигит – башына тоо түшсө чымындай көрүп, чымын консо тодой көрүп , көздөгөн максаты кыябына келмейинче бардык азап менен дозокко чыдап, көлдүн ириминдей көгөрүп , кегин ичке туйүп, көлөйүп жүрө берет.

“Туулгалуу ак жайсаң” деген жигит – башына туулга, боюна соот кийгенсип, бирөө таяктаса өлтүрүп коёт. Андай жигит акын, ар өнөргө жакын болот. Андай акын, ар өнөргө жакын жигитти , айылдагы койчу-колон ,айрыкча кыз-кыркын, келин-кесектер жакшы көрөт...

“Чоң канжыга шок кол” деген жигит – көздөгөн максатына жетүү үчүн коп урунуп-беринет. Жел учурган камгактай көпкө соктугат. Эби келбеген жерде, эр өлтүрүүдөн дагы кайра тартпайт. Ошондуктан шок кол делинет. Бирок андай жигиттин келечеги кеңири болот.

“Жашында берсин мээнетти, карыганда берсин дөөлөттү” деген макалдай, келечекте көздөгөнүнө жетип көңүлүн баспай койбойт. Акыры олжолуу болот. Ошондуктан чоң канжыга делинет. (348-349-бб.)

Эр жигит эл четинде, жоо бетинде; тапканыңды этегиңе басып, жарканаттай бекинбе.

Жанга өлчөп ат минбеген, жалгыз башка өлчөп, кийим кийбеген жигиттин колунан эмне келет дейсиң... (371-б.)

Жакшы аял, жакшы кыз – эр азаматтын учуууга канаты да, конууга куйругу... Эр азаматтын белиндеги бедери да, аскар тоодой медери. (426-б.)

Ташка салып айдаса тулпардан тук кетилмек, саяпкери жарашса тулпарга туяк жетилмек.

Жоордун жайын жакыр билет, жокчулуктун жайын бакыр билет. (433-б.)

Жаштын тилеги – жибектин түйүнү... (472-б.)

Жамандан жакшы туулса, сүйлөшүүгө теңи табылбайт, жакшыдан жаман туулса, өпкө чапсаң да эми табылбайт. (500-б.)

Таңкы куйруктан азыркы өпкө. (501-б.)

Билгенге бата аяк, билбегенге ант аяк. (519-б.)

Ачыгынына бүгүн тогуз күн болду. Бул кымыздын ичинде: чейрек күчала, бир жарым аккодол, беш кашык аюунун майы, көк деген мөңгү чөбүнүн беш жалбырагы, козукулактын бир кашык суусу, алгы деген чөптүн жарым кашык талканы, чыны карагаттын эки жарым кашык маңызы, жети кашык бал, үч тамчы ак кажырдын өтү бар. “Тогуздун башы кошулган чарбасын дары” деген ушул, балам. (525-б.)