Б түзөтүү

  • Абийирдүү жигитке ажалдуу кийик жоолугат.
  • Абийирди жашыңдан сакта.
  • Абысының болсо, күнүм жок дебе.
  • Агайыңдын кадырын жалаалуу болсоң билерсиң, ата-эненин кадырын балалуу болсоң билерсиң.
  • Ага-тууган кимде жок, сыйлашпаса, жатча жок.
  • Агам кимди алса, жеңем ошол.
  • Агасын көрүп, ини өсөт, эжесин көрүп, сиңди осот.
  • Агын сууда арам жок.
  • Адам аласы ичинде, мал аласы тышында.
  • Адам болмок — аста-аста, айбан болмок — бир паста.